Үстүбүздөгү жылдын январь айында Социалдык фонд тарабынан 7 миң 280 жаранга пенсия дайындалып чектелди. Бул тууралуу Соцфонддун басма сөз кызматынан билдиришти.
Андан тышкары, эмгек стажы, эмгек акысы, окуусу жана майыптыгы боюнча 1 254 пенсионерге кошумча берилген документтерге ылайык пенсиялар кайрадан эсептелинди.
Эскерте кетсек, Кыргызстанда 2021-жылы пенсия жана пособиелерди төлөөгө 50,8 млрд сом бөлгөн.