2019-жылы Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун чыгымдары 53 млрд 508.2 млн сомду түздү. Бул тууралуу фонддун расмий сайтында айтылат.
Аталган көрсөткүч 2018-жылга салыштырмалуу 3 млрд 198.6 млн сомго көп.
Алдына ала маалыматтарга караганда, Социалдык фонддун 2019-жылдагы бюджети 352.5 млн сом профицити менен аткарылган.