Социалдык сектордун кызматкерлеринин айлыктарын жогорулатууга 26 млрд.сом керектелет

06.04.2022, 09:25 Акчабар
Социалдык сектордун кызматкерлеринин айлыктарын жогорулатууга 26 млрд.сом керектелет

Үстүбүздөгү жылдын апрель айынан тартып, билим берүү жана илим, саламаттык сактоо, маданият, маалымат жана спорт, социалдык коргоо чөйрөсүндөгү кызматкерлердин эмгек акысын жогорулатууга кошумча керектөө 26 млрд.сомду түзөт. Бул тууралуу Финансы министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, президенттин 28-марттагы №95 Жарлыгы менен, ошондой эле министрлер кабинетинин 2022-жылга бекитилген Иш-чаралар планынын алкагында, 1-апрелден тартып социалдык чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу боюнча милдеттер коюлган.

“Бул милдеттерди аткаруу үчүн, социалдык чөйрөнүн кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттарын өркүндөтүү жана эмгек акынын түзүүнүн бирдиктүү моделин белгилөө максатында, ишке ашырылуучу чаралар эмгек акыны орточо 50 %дан 100%га чейин жогорулатуу менен, социалдык чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгек акы төлөө шарттары менен эмгек акынын орточо деңгээлин теӊөөгө багытталган”,- деп айтылат билдирүүдө.

Социалдык секторлордун кызматкерлердин эмгек акысын жогорулатууга кошумча керектөө 26 млрд.сом тартибин түзөт, алардын ичинен секторлор боюнча:

Тэги: социалдык сектор айлык акы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть