Сокулук РИББнын тергөө кызматынын орун басары 20 миң сом пара менен кармалды

21.04.2022, 13:00 Акчабар
Сокулук РИББнын тергөө кызматынын орун басары 20 миң сом пара менен кармалды

Сокулук райондук милициясынын тергөө кызматынын орун басары пара менен кармалды. УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришкендей, Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү (Опузалап пара алуу) боюнча козголгон сотко чейинки өндүрүштүк материалдарынын алкагында Сокулук РИИБнын тергөө кызматынын орун басары К.А.М. кармалды.

Маалыматка ылайык, буга чейин С.Г. аттуу жарандын сотко чейинки өндүрүш ишин токтотуу үчүн 50 миң сом акча талап кылып жаткандыгы боюнча Сокулук РИИБнын тергөө кызматынын жетекчилеринин бирине карата чара көрүү тууралуу жазуу жүзүндөгү арыз түшкөн.

2020-жылы жол кыймылынын жана транспорт каражаттарын эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу фактысы боюнча С.Г. аттуу жаранга карата Сокулук РИИБ тарабынан сотко чейинки өндүрүш иши катталганы аныкталган.

Ошол эле учурда жабырлануучунун С.Г. аттуу жаранга доосу жок экендиги тууралуу каршы билдирүүсүнө карабастан, тергөө кызматынын кызматкери сотко чейинки өндүрүштү токтотуу үчүн пара талап кылууну уланткан.

Анын алкагында, ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп 20 миң сом пара алып жаткан жеринен Сокулук РИИБнын тергөө кызматынын орун басары К.А.М. кармалды.

Ал учурда УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тиешелүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Тэги: Пара милиция Сокулук УКМК РИИБ

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть