Сомдун наркын сактоо үчүн эмне кылуу керек? Эксперт жооп берет

03.11.2020, 15:30 Акчабар
Сомдун наркын сактоо үчүн эмне кылуу керек? Эксперт жооп берет

Доллардын курсу сомго карата күндөн-күнгө өсүп жатат. Азыркы учурда айрым коммерциялык банктар долларды 84 сомдон (максималдуу курс) сатып жатышат, ал эми сатып алуу 83.6 сом менен жүргүзүлүүдө. Акыркы аптада чет элдик валютанын официалдуу крусу 1.44%, коммерциялык банктарда — 3.37% өстү.

Сомдун курсунун төмөндөшүнө бир катар факторлор таасир этти: экспорттук-импорттук операциялардын жанданышы, ички экономикалык кризис, мунай баасынын төмөндөшү жана доллардын рублга карата өсүшү. Андан сырткары психологиялык өбөлгөлөр дагы болушу мүмкүн: бул АКШдагы президенттик шайлоо. Американын президенттигине башкы талапкерлердин бири катары Жо Байден чыгууда. Экономисттердин алдын ала берген божомолуна ылайык, Жо Байдендин саясаты Россияга ишенимсиз, эгер ал жеңип чыкса, бир катар жаңы санкцияларды киргизиши мүмкүн.

Рубль өзү менен кошо кыргыз сомун дагы тартат жана кыргызстандыктардын улуттук валютага болгон ишеними төмөндөйт.

«Талаптын жогорулашы сунушту жаратат. Көбүнчө аны жасалма жол менен өзүбүз түзөбүз. М; Кыргызстандыктардын көпчүлүгү акчаларын чет элдик валютада сакташат жана доллардын курсу өскөн сайын, биз аны сатып алууга дароо чуркайбыз. Ошентип, биз валюта рыногунда толкунданууну жаратып, АКШ долларынын наркынын өсүшүнө салым кошуп жатабыз», - дейт экономист Теңдик Каназаров.

Анын айтымында, улуттук валютаны колдоо үчүн колубуздан келгендин эң мыктысы - аманаттарды сом менен сактоо.

Тэги: Америка валютасы доллардын курсу Улуттук валюта сом

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть