Сооронбай Жээнбеков каржы министри Бактыгүл Жеенбаеваны кабыл алды

16.03.2020, 17:30 Акчабар
Сооронбай Жээнбеков каржы министри Бактыгүл Жеенбаеваны кабыл алды

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 16-мартта КР каржы министри Бактыгүл Жеенбаеваны кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Коңшу өлкөлөрдө жана дүйнө жүзүндө коронавирустун жайылышына байланыштуу кырдаалдын өңүтүндө республикалык бюджеттин аткарылышындагы бүгүнкү жагдай жана бюджеттик каражаттарды үнөмдөө чаралары талкууланды.

Каржы министри Бактыгүл Жеенбаева күтүлгөн тобокелчиликтерди эске алуу менен, божомолдор боюнча үстүбүздөгү жылы республикалык бюджеттин аткарылышы мурда бекитилген пландан 85%дын айланасында түзүшү мүмкүндүгүн билдирди. Үстүбүздөгү жылдын январь–февраль айларынын жыйынтыгы боюнча республикалык бюджетти аткаруу 96%ды түзгөндүгүн маалымдады.

«Учурда бюджеттик каражаттарды үнөмдөөнүн мүмкүн болгон бардык варианттары караштырылууда. Чыгашалар боюнча план биринчи кезектеги иш-чаралардын артыкчылыктарын эске алуу менен түзүлөт», - деп билдирди каржы министрлиги.

Ошондой эле ал донордук коомчулуктар, анын ичинде Дүйнөлүк банк, Азия өнүктүрүү банкы, Эл аралык валюта фонду жана башка эл аралык каржы иниституттары менен республикалык бюджетти колдоого каражат бөлүп берүү боюнча жигердүү сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жаткандыгын билдирди.

Тэги: Сооронбай Жээнбеков каржы министри Бактыгүл Жээнбаева

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть