Сооронбай Жээнбеков Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы туруктуу өкүлү менен жолугушту

05.08.2020, 16:52 Акчабар
Сооронбай Жээнбеков Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы туруктуу өкүлү менен жолугушту

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 5-августта, Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Болормаа Амгаабазар менен өлкөдөгү анын миссиясы аяктагандыгына байланыштуу жолугушту. Бул тууралуу перзиденттин аппаратынан маалымдашты.

Мамлекет башчы Болормаа Амгаабазарга Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы туруктуу өкүлү катары жигердүү жана жемиштүү иши үчүн ыраазычылык билдирип, анын Кыргызстандын социалдык-экономикалык дараметин бекемдөөдөгү, айрыкча, өлкөдөгү коронавирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу кризистик мезгилдеги жеке салымын белгиледи.

Ошондой эле Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандагы жакырчылыкты азайтууда жана социалдык курч көйгөйлөрдү чечүүдө Дүйнөлүк банктын ордун жогору баалады.

Жолугушуунун соңунда Президент Сооронбай Жээнбеков Болормаа Амгаабазарды Дүйнөлүк банктын Индонезиядагы кеңсесине жаңы кызматка дайындалышы менен куттуктап, мындан ары жигердүү кызматташууга үмүт артаарын билдирди.

Маалымат үчүн: Болормаа Амгаабазар Дүйнөлүк банктын Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүн 2017-жылдын августунан тартып, 2020-жылдын августуна чейин башкарган.

Болормаа Амгаабазардын жетекчилиги астында 2019-2022-жылдарга карата Кыргызстан менен өнөктөштүктүн алкактык программасы даярдалган. Анын жалпы суммасы 442,2 млн АКШ долларын түзгөн 13 инвестициялык долбоор Аткаруучу директорлор кеңеши тарабынан даярдалган жана жактырылган. Аталган сумманын 21,2 млн АКШ доллары COVID-19 пандемиясына каршы аракеттенүү үчүн чукул жардам катары берилген.

Болормаа Амгаабазар ошондой эле Кыргызстан менен донор коомчулугунун ортосунда активдүү өнөктөштүктү орнотууда 2019-жылдын ноябрь айындагы Жогорку деңгээлдеги донордук форум учурунда донорлор тарабынан теңтөрайымдардын бири катары маанилүү ролду ойногон.

Тэги: дүйнөлүк банк Болормаа Амгаабазар Сооронбай Жээнбеков

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть