2020-жылы Олимпиадада алдыңкы орун алган спортчуларга Өкмөт канча гонорар төлөйт?

06.12.2019, 18:00 Акчабар
2020-жылы Олимпиадада алдыңкы орун алган спортчуларга Өкмөт канча гонорар төлөйт?

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекованын төрагалыгы алдында Кыргызстандын спортчуларынын 2020-жылы Токиодо өтө турган жайкы Олимп жана Паралимпиадалык июндарга катышуусуна даярдык көрүү маселеси боюнча жыйын болду. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдиришти.

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Канат Арпачиев Кыргызстан спорттун 13 түрү боюнча 21 жолдомо алууга ниеттенип жатканын белгиледи.

Алар: эркин, грек-рим жана аялдар күрөшү, дзюдо, жеңил атлетика, бокс, оор атлетика, беш түрлүү көнүгүүлөрдөн турган спорттук мелдеш, сууда сүзүү, ок атуу, фехтование, жаа атуу жана триатлон.

Ал эми спорттун Паралимпиадалык түрлөрү боюнча кеминде 3 жолдомо утуу мерчемделди.

Арпачиев Кыргызстандын капчыгында Айсулуу Тыныбекова (спорттук күрөш), Денис Петрашов (сууда сүзүү), Юлия Андреева (жеңил атлетика), Атабек Азизбеков (грек-рим күрөшү) жана Дарья Масловалар (жеңил атлетика) уткан беш жолдомо бар экенин айтты.

Муну менен катар жыйында медаль уткан спортчуларды бир жолку сый акы менен сыйлоо маселеси дагы талкууланды. Анын суммасы 5тен 10 миллион сомго чейин болушу болжолдонууда.

XXXII жайкы Олимп оюндары Токиодо 2020-жылдын 24-июлунан тарта 9-августка чейин өтөт.

Тэги: спортчу КР гонорар олимпиада

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть