Стамбулдагы жаңы аэропорт суткасына 500 рейске чейин жүргүнчү кабыл алып, рекорд коюуда

12.03.2021, 14:30 Акчабар
Стамбулдагы жаңы аэропорт суткасына 500 рейске чейин жүргүнчү кабыл алып, рекорд коюуда

Стамбулдагы аэропорт февралдын акыркы аптасында Европа боюнча кабыл алынган жана жөнөтүлгөн рейс боюнча лидер аталды. Жалпысынан 24 сааттын ичинде 501 рейс аткарылган. Бул тууралуу аэронавигациянын коопсуздугуна жооп берген европалык EUROCONTROL аталыштагы уюм билдирди.


Жакында эле ачылган аэропорт суткасына 436 рейс аткарган Париждеги «Шарль-де-Голль», Амстердамдагы суткасына 425 рейс аткарган «Схипхол» аэропортторун артка таштады.
Ал эми лидер аэропорттордун тизмегинде төртүнчү орунду Франкфурта-на-Майнедеги суткасына 398 рейс жүргүзгөн аэропорт, бешинчини Мадриддеги аэропорт 348 рейс менен ээледи.


Башка аэропорттордо рейстердин саны төмөндөсө, Стамбулдагы жаңы аэропортто абал стабилдүү бойдон турат. Мисалы, Париж аэропортунда рейстердин саны – 68%, Мадридде – 69%, ал эми Франкфурта-на-Майнеде – 71% чейин төмөндөгөн.


Пандемия шартына карабастан, Түркиянын аэропортундагы активдүүлүктүн күчөп жаткандыгынын себеби, көп өлкөлөр үчүн чек ара ачылган жана визасыз кирүү мүмкүнчүлүктөрү түзүлгөн. Андан сырткары, эпидемиологиялык чектөөлөргө карабастан Түркияга (анын ичинен Стамбулга) көптөгөн туристтер келип жаткандыгы факт.


Буга кошумча, Стамбул Анкара жана Измир менен бирге Түркиядагы турак-жайларды сатуу боюнча 2021-жылдын январь айында лидерлик ТОП-3түн катарына кирген.

Тэги: Стамбул аэропрт рейс

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть