Талас облусундагы 776 медицина кызматкерине кенемте төлөнүп берилет

10.09.2020, 16:30 Акчабар
Талас облусундагы 776 медицина кызматкерине кенемте төлөнүп берилет

Талас облусунда август айы үчүн коронавирус менен күрөшкө тартылган 776 медицина кызматкери кенемте алат. Бул тууралуу Милдеттүү медициналык камсызданлыруу фондунан билдиришти.

Фонддон билдиришкендей, август айы үчүн коронавирус менен күрөшкө тартылган медицина кызматкерлерине 10 млн 814 миң сом төлөнүп берилет.

Ооруканалардын тизмеси:

1. Бакай-Ата районундагы №3 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу - 212 миң 800 сом (20 медицина кызматкери);

2. Кара-Буура районундагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору - 1 млн 232 миң 900 сом (71 медицина кызматкери);

3. Талас районундагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору - 32 миң 400 сом (1 медицина кызматкери);

4. Талас облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору - 1 млн 768 миң 800 сом (102 медицина кызматкери);

5. Бакай-Ата районундагы жалпы дарыгерлик практика борбору - 1 млн 992 миң сом (148 медицина кызматкери);

6. Манас районундагы жалпы дарыгерлик практика борбору - 1 млн 757 миң сом (104 медицина кызматкери);

7. Согуш жана эмгек ардагерлеринин ооруканасы - 186 миң 500 сом (15 медицина кызматкери);

8. Кара-Буура районунун аймактык ооруканасы - 774 миң 700 сом (51 медицина кызматкери);

9. Талас районунун аймактык ооруканасы - 483 миң 800 сом (36 медицина кызматкери);

10. Талас облустук бириктирилген оорукана - 2 млн 146 миң 400 сом (219 медицина кызматкери);

11. Талас облустук кургак учук менен күрөшүү борбору - 227 миң 100 сом (6 медицина кызматкери).

Тэги: Талас облусу медицина кызматкери кенемте фонд

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть