Талас облусунда жергиликтүү тургун ооруканаларга 1,1 млн сомго жардам көрсөттү

29.07.2020, 10:30 Акчабар
Талас облусунда жергиликтүү тургун ооруканаларга 1,1 млн сомго жардам көрсөттү

Талас облусунун тургуну, меценат Бактыбек Чойбеков кечээ Талас облусуна 1 млн 100 миң сомго медициналык шаймандарды жана дары-дармектерди берди.

Маалыматка ылайык, меценат тарабынан кычкылтек концентраторлору, пульсоксиметрлер, тепловизорлор, жеке коргонуучу каражаттар, респираторлор, дарылар: клексан, гепарин, оксапар жана башка медициналык каражаттар берилди. Берилген медициналык каражаттар Талас облусунун 13 айылдык кеңешинин медициналык мекемелерине бөлүштүрүлөт.

Мындан тышкары, Б.Чойбеков Талас облустук ооруканасынын дарыгерлерине акчалай жардам көрсөттү. Жергиликтүү бийлик берген жардамы үчүн Бактыбек Чойбековго терең ыраазычылык билдирди.

Тэги: Талас облусу жардам

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть