Тармактык комитет Улуттук банктын 2019-жылдагы ишмердүүлүгү тууралуу отчетун укту

15.06.2020, 15:00 Акчабар
Тармактык комитет Улуттук банктын 2019-жылдагы ишмердүүлүгү тууралуу отчетун укту

Бүгүн, 15 - июндагы Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2019-жылдагы ишмердүүлүгү тууралуу аталган мекеменин төрагасынын отчету каралды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов ишмердүүлүгүнүн негизги параметрлерине токтолуп, анын ичинен акча-насыя саясатына жана каржылык-насыялык уюмдарды жөнгө салуу чөйрөлөрүнө тиешелүү абалды баяндады.

«2019-жылы Кыргызстандын эл аралык резервинин көлөмү тарыхый жогору чекке жетип, 2,4 млн. АКШ долларын түздү», – деди Толкунбек Абдыгулов.

Талкуу маалында депутаттар коммерциялык банктардын ишмердүүлүгүнө тиешелүү маселелерди көтөрүшүп, андан тышкары, COVID-19 пандемиясынан улам жаралган кырдаалга байланыштуу насыялык милдеттеме шарттарын жеңилдетүү менен кичи жана орто бизнести колдоо зарылчылыгын белгилешти.

Өз кезегинде депутат Акылбек Жапаров «Уулу насыялар фондун» түзүү сунушун берип, илдеттен улам насыя боюнча көп көйгөй чыгарын кошумчалады.

«Калк менен коммерциялык банктар ортосунда бир катар насыя көйгөйлөрүн чечүүгө багытталган фонд иш алып барышы керек. Бул дүйнөлүк тажрыйбаны бизде пайдалансак натыйжалуу болот», – деди депутат.

Комитет мүчөлөрү да тактоочу суроолорду беришип, жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2019-жылдагы ишмердүүлүгү тууралуу отчетко канаттандырарлык деген баа берүү менен Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөтүштү.

Тэги: Жогорку Кеңеш Бюджет жана финансы комитет Кыргыз Республикасы Улуттук банк

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть