Тажикстандан мыйзамсыз ташылып келе жаткан жүк кармалды

21.04.2022, 15:23 Акчабар
Тажикстандан мыйзамсыз ташылып келе жаткан жүк кармалды

Тажикстандан Кыргызстанга мыйзамсыз ташылып келе жаткан 1,5 тоннадан ашык жүк кармалды. Бул тууралуу Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, чек арачылар Баткен районунун Өрүк-Зар тилкесинде Хюндай-Портер үлгүсүндөгү унааны токтотушкан.

“Айдоочу токтогондон кийин текшерүү учурунда унаадан 500 килограмм жаңгак, 560 кг нават, 1 миң 620 суусундук, 10 кг кыям табылган. Жүктүн жалпы салмагы 1 жарым тоннадан ашык болгон”, - деп айтылат маалыматта.

Кармалган айдоочу (33 жаштагы У.К. аттуу Кыргыз жараны) сатуу үчүн Тажикстандан Кыргызстанга мыйзамсыз жүк алып өтүүгө аракет кылган. Ошол эле учурда айдоочунун жанында товарга тиешелүү документтери болгон эмес.

Тэги: мыйзамсыз жүк. Тажикстан чек ара кызматы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть