Токой чарба агенттигинде коррупциялык схема аныкталды

28.04.2022, 15:33 Акчабар
Токой чарба агенттигинде коррупциялык схема аныкталды

Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча жооптуу адамдардын тоо тектеринин калдыктарынын төлөмдөрүн азайтуу боюнча коррупциялык схемасы аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Башкы прокуратура тарабынан Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча Чүй-Бишкек аймактык башкармалыгынын мурдагы директору А.К. аттуу адамга айып коюлган.

“Ал “Алтын-Кен” ЖЧКсы жана башка жооптуу адамдар менен сүйлөшүп алуу жолу аркылуу тоо тектеринин калдыктары үчүн мамлекеттик бюджетке төлөнүүчү төлөмдүн көлөмүн системалуу түрдө азайтып жүргөн. Көрүлгөн чаралардын жыйынтыгында жалпы суммасы 149 млн 585 миң сомдук зыян келтирилгени аныкталып, “Алтын-Кен” ЖЧКсы тарабынан мамлекетке төлөнүп берилди”, - деп айтылат маалыматта.

Тэги: Токой чарба агенттиги коррупция

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть