Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 7,9 млрд куб метрди түздү

09.03.2022, 09:26 Акчабар
Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 7,9 млрд куб метрди түздү

Бүгүн, 9-мартта Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 7 млрд 994 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу «Электр станциялары» ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Суунун агып келиши секундасына 179 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 402 куб метрге жетүүдө.

Белгилей кетсек, 2021-жылдын апрель айында Токтогулда суу кескин азайып, ГЭСтеги суу 8,5 млрд куб метрге чейин жеткен. Суу сактагычтын максималдуу чеги 19,5 млрд куб метр. Мындай көлөмдөгү суу Токтогулга 2017-жылы толгон.

Тэги: Токтогул суу сактагычы Электр станциялары ишканасы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть