“Токтогулда” суунун көлөмү көбөйө баштады

16.03.2022, 14:30 Акчабар
“Токтогулда” суунун көлөмү көбөйө баштады

Өткөн суткада Токтогул суу сактагычына суунун агып кириши секундасына 28 кубометрге көбөйүп, секундасына 173 кубдан 201 куб метрге жетти. Маалыматты “Электр станциялары” ишканасына таянып 24.kg жазды.

Муну менен катар суунун чыгымы 72 метр кубга көбөйүп, секундасына 218 метр кубдан 290 метр кубга жетти.

Ошентип, 2022-жылдын 16-мартына карата Токтогул суу сактагычындагы суунун деңгээли 7 миллиард 933,09 миллион кубометрди түздү.

Сутка ичинде бул көрсөткүч 7,72 миллион кубометрге, ал эми жыл башынан бери 2 миллиард 178,31 миллион кубометрге азайган. Былтыркы жылдын 16-мартына салыштырмалуу 1 миллиард 118,51 миллион кубометрге көп. Былтыр бул күнү “Токтогулда” 9 миллиард куб метрден бир аз ашык суу болгон.

Тэги: Токтогул суу сактагыч

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть