Транспорт министрлигинин инспекторлору пара алып жаткан жеринен кармалды

23.02.2022, 14:51 Акчабар
Транспорт министрлигинин инспекторлору пара алып жаткан жеринен кармалды

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Салмак-габариттик көзөмөл пунктунун инспекторлору оор жүк ташуучу унаалардын айдоочуларынан системалуу түрдө акча талап кылгандыгы үчүн кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча салмак-габариттик контролдоо пункттарынын системасында коррупциялык схеманын бар экендиги тастыкталып, Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси “Коррупция” боюнча кылмыш ишинин козголушуна негиз болгон.

Анын натыйжасында салмак-габариттик көзөмөл бөлүмүнүн эки инспектору пара алып жаткан жеринен кармалышты.

Учурда толук, ар тараптуу жана объективдүү тергөөгө багытталган ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, жыйынтыгында кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилет.

Тэги: УКМК Салмак-габариттик көзөмөл пункту транспорт министрлиги

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть