Жыл башынан бери лира өзүнүн баасынын төрттөн бир бөлүгүн жоготкон

09.11.2020, 14:00 Акчабар
Жыл башынан бери лира өзүнүн баасынын төрттөн бир бөлүгүн жоготкон

Турциянын президенти Борбордук банктын жетекчисин отставкага кетирди. Себеби, өлкө экинчи жыл катары менен валюталык кризиске туш болууда.

Тиешелүү буйрукка ишемби күнү Эрдоган кол койгон. Мурат Уйсал бул кызматка 2019-жылдын жай мезгилинен баштап келген.

Турция валютасынын курсу 26-октябрдан тарта 8.04 лирага (1 долларга) төмөндөп кеткен. Буга чейинки тарыхта лира – 7.97 чеймин төмөндөп кеткен учур катталган.

Үстүбүздөгү жылдын башынан тарта лира өзүнүн баасынын төрттөн бир бөлүгүн жоготкон.

Кошумчалай кетсек, экономикасы өнүккөн өлкөлөрдүн катарында турция лирасы, бразилиялык реалдан кийинки эле төмөнкү көрсөткүчтө турат.

Тэги: турця лирасы валюталык курс Борбордук банк

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть