Түркмөнстандын президенти 8-мартка карата айымдарга акчалай белек берет

28.02.2020, 15:40 Акчабар
Түркмөнстандын президенти 8-мартка карата айымдарга акчалай белек берет

Түркмөнстанда аялдар 8-март – Аялдардын эл аралык күнүнө карата өлкө президентинен 60 манат (болжол менен 1,2 миң сом) өлчөмүндө акчалай белек алышат. Бул тууралуу Түркмөнстандын orient.tm агенттиги билдирди.

Тиешелүү буйрукка Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов кол койгон.

Агенттик жазгандай акчалай сыйлыктар, 1-6-март күндөрү ар бир ишкана же мекеменин кызматкер айымдарына (менчик түрүнө карабай) берилет.

«Жыл сайын болгондой эле, президенттин акчалай белеги пенсия, мамлекеттик жөлөкпул алып жаткан аялдарга, студенттерге жана жогорку окуу жайдан кийин билим алып жаткандарга, мектеп окуучуларына жана бала бакча тарбиялануучуларына берилет», - деп жазат агенттик.

Тэги: айымдар Акча Түркмөнстан

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть