«Акчабар» порталы бийликтеги, бизнестеги кыргызстандык аялдар тууралуу берүүлөрдү тарта баштады. Атайын долбоордун алгачкы каарманы жакында эле Айыл чарба министрлигине орун басар болуп дайындалган Бермет Турсалиева болду. Ал министрликтеги оош-кыйыштар, аялдардын кызматтагы орду боюнча ой бөлүштү.