Тышкы соода жүгүртүүнүн көлөмү 21.1% азайды

11.06.2020, 11:45 Акчабар
Тышкы соода жүгүртүүнүн көлөмү 21.1% азайды

Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсүнүн көлөмү 2020-жылдын январь-апрель айларында 1 млрд 753.9 млн долларды түзгөн. Бул өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 21.1% төмөн. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирди.

Андан сырткары, импорттун көлөмү 31.4% төмөндөп, экспорт 2.7% жогорулаган.

Республиканын ЕАЭБге мүчө өлөлөр менен болгон соодасынын көлөмү январь-апрель айларында 764.5 млн $ түзүп, 2019-жылдын январь-апрель айларына салыштырмалуу 8.1% төмөндөгөн. Экспорт - 17.4%, импорт - 5.2% төмөндөгөн.

Бажы биримдигине мүчө өлкөлөрдүн ичинен Орусия менен болгон сооданын көлөмү - 69.7%, Казакстан менен - 28.5% түзгөн.

Тэги: тышкы соода жүгүртүү Улуттук статистикалык комитет экспорт импорт

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть