Үй карантинин бузган 6 жаран 60 миң сомдон төлөшөт

29.04.2020, 16:00 Акчабар
Үй карантинин бузган 6 жаран 60 миң сомдон төлөшөт

Үй карантинин бузган 6 жаранга 60 миң сомго чейин айып салынат. Бул тууралуу бүгүн өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйынында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Ал белгилегендей, үй карантининде болгон жарандарга алардын жүргөн жерин көзөмөлдөө үчүн атайын мобилдик колдономолор орнотулган.

«Бул алардын макулдугу менен жасалган. Ал программалар кыймыл-аракеттин жана үй карантининин сакталышын көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк түзөт. Үй карантининин эрежелерин бузгандыгы боюнча 6 жаранга карата материалдар сотко өткөрүп берилди. Аларга 30 миң сомдон 60 миң сомго чейин айып салынат. Дагы 9 адамга 3 миң сомдон айып салынды», - деди Боронов.

Эске сала кетсек, буга чейин үй карантинин бузгандарга 60 миң сомго чейин айып пул салынары маалым болгон.

Тэги: Үй карантини 60 миң сом

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть