УКМК: Чет элдин жараны пара берип жаткан жеринен кармалды

24.12.2019, 09:42 Акчабар
УКМК: Чет элдин жараны пара берип жаткан жеринен кармалды

Чет элдин жараны пара берип жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

УКМКдан билдиришкендей, 19-декабрь күнү УКМКнын Коррупция каршы кызматы тарабынан Кылмыш кодексинин «Пара берүү» беренеси боюнча ачылган иштин алкагында 15 миң доллар акча каражатын берип жаткан жеринен «Д.Ч.» чет элдик компаниясынын өкүлү кармалган.

«Акча каражаттары оң чечим чыгарып бериши үчүн жер казыналары тармагында көзөмөлдөөчү милдеттерди аткарган кызмат адамына берилип жаткан. Учурда тергөө иштери жүрүүдө», - деп айтылат маалыматта.

Тэги: Пара кармалды УКМК

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть