УКМК: Каржы полициясынын төрагасынын мурдагы орун басары кармалды

08.04.2022, 12:50 Акчабар
УКМК: Каржы полициясынын төрагасынын мурдагы орун басары кармалды

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Финансы полициясынын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын башчысы К.Н.Ж. жана Финансы полициясынын төрагасынын мурдагы орун басары Г.Б.Б. көзөмөлү астында ири суммадагы акча каражатын Кытайдан мыйзамсыз которуу боюнча туруктуу канал уюштурган бир нече жарандардын тобун жана коммерциялык банктардын өкүлдөрүн текшерүүдө.

Кылмыштуу топтун жетекчилери О.А.К. жана Ж.Б.С. аттуу жарандар экендиги аныкталып, алар “Халык Банк Кыргызстан” ААК башкармалыгынын төрагасынын орун басары И.М.К. жардамы менен өздөрүнүн фирмалары жана жасалма компаниялары аркылуу Орусиядан Кыргызстанга контрабандалык жол менен алынып келинген акча каражаттарын которууну ишке ашырып, андан кийин жасалма бажы документтеринин негизинде Кытайга өткөрүп берген.

Белгилүү болгондой, 2020-жылдын 23-мартынан 28-майына чейин “Бишкек Үч жүз он эки” ЖЧКсынан “Халык Банк Кыргызстан” ААК коммерциялык банк аркылуу Кытайга 49 миллион 153 миң 999 АКШ долларды накталай түрдө О.А.К. которгон.

2020-жылдын 1-сентябрынан 30-октябрына чейин “Кейджи Импэкс” ЖЧКсы “Халык Банк Кыргызстан” ААК коммерциялык банкы аркылуу Кытайга 311 миллион 56 миң 270 АКШ доллар жиберген.

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында ушул жылдын 7-апрелинде жогорудагы коррупциялык схемага тиешеси бар, ошондой эле мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн Каржы полициясынын төрагасынын мурдагы орун басары Г.Б.Б. кармалып, УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда кылмыш ишине тиешеси бар башка адамдарды аныктоо максатында тергөө жана ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Тэги: УКМК Каржы полициясы кылмыш

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть