Улутстатком: учурда эч кандай каттоо иштери жүргүзүлгөн жок

02.09.2020, 09:30 Акчабар
Улутстатком: учурда эч кандай каттоо иштери жүргүзүлгөн жок

Социалдык тармактарда эл каттоо кызматынын шылтоосу менен белгисиз адамдар үймө-үй кыдыруу менен алдыдагы шайлоо үчүн маалымат чогултуп атышат деген маалымат пайда болгон.

Эске сала кетсек, Улутстатком өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу эл каттоо иш-чарасын өткөрүү мөөнөтүн белгисиз убакытка жылдырган. Ошол себептен эл жана турак жай фондун каттоосун өткөрүү боюнча учурда эч кандай иш-чаралар жүргүзүлбөгөндүгүн ведомство расмий түрдө маалымдады.

Суроолор болсо (0312) 32-53-36; (0312) 62-56-57 телефондоруна же Улутстаткомго жана жакынкы аймактык мамлекеттик статистика органдарына кайрылууңуздарды өтүнөбүз.

Статистикалык каттоолор бөлүмү: e-mail: r.chynybaeva@stat.kg; тел. + 996 (312) 325336.

Тэги: социалдык тармак кызмат

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть