Улуттук банк акча которуунун жаңы эрежесине түшүндүрмө берди

20.04.2022, 09:58 Акчабар
Улуттук банк акча которуунун жаңы эрежесине түшүндүрмө берди

Валюта рыногундагы абал турукташканга чейин өлкө аймагында эл аралык акча которуу системасы аркылуу акча которууну алуучуга берүү, жөнөтүүчү өлкөнүн валютасында же сом менен гана берилет,- деп маалымдайт Кыргызстандын Улуттук банкы.

Мындай өзгөртүүлөрдү киргизүүгө акыркы мезгилде Россиядан жана Казакстандан АКШ долларында келип түшкөн акча которуулардын көлөмү кескин көбөйүп, кардарлар которууну нак доллар менен берүүнү суранып жаткандыгы менен шартталган.

“Эгерде Россиядан акча которулган болсо, ал алуучуга орус рублинде гана берилиши керек, эгерде Казакстандан болсо - казак теңгесинде гана, ал эми башка өлкөдөн болсо - анда коммерциялык банктын алмашуу курсу боюнча улуттук валютада берилет. Эгерде которулган валюта өлкө аймагында кеңири колдонулбаган болсо, банк Улуттук банктын эсептик курсун колдоно алат. Бул учурда кардарга валюта курсу тууралуу алдын ала маалымат берилиши керек. Акча которууну конвертациялоонун эрежелери өзгөрүүсүз калтырылды. Комбанк алуучунун макулдугу менен акча которууну улуттук валютадагы сомго гана конвертациялай алат”,- деп айтылат маалыматта.

Кардар комбанкка акча которууну анын банктык эсебине же электрондук капчыгына чегерүү боюнча буйрутма бере алат. Банктар ички жол-жоболорго ылайык эсепти өз курсу боюнча валютага конвертациялайт же аны кардардын улуттук валютадагы электрондук капчыгына которот. Буга кошумча, эсеп валютасына алмашуу курсу жөнүндө кардар алдын ала кабардар болушу керек.

“Эгерде жөнөтүүчү комбанкда ачылган долларлык эсебине Россиядан рубль менен акча которууну жүргүзсө, анда банк ички жол-жоболорго ылайык, өзүнүн курсу боюнча акчаны долларга которот”,- деп айтылат Улуттук банктын тараткан билдирүүсүндө.

Бул өзгөртүүлөр убактылуу болуп саналат жана накталай доллардын өлкө чегинен тышкары агылып чыгышына терс таасирин минималдаштырууга багытталат.

Айта кетсек, 18-апрелде Улуттук банк акча которуулардын эрежелерине убактылуу өзгөртүүлөрдү киргизген. Белгилей кетсек, эсеп ачпастан акча которуу системалары аркылуу акча которууларды жеке адамдар гана жүргүзө алышат.

Тэги: валюта рыногу акча которуу эрежеси экономикалык коопсуздук доллардын агылып чыгуусу

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть