Насыяны доллар менен алгандарга Улуттук банк жардам көрсөтө албайт

07.04.2020, 16:30 Акчабар
Насыяны доллар менен алгандарга Улуттук банк жардам көрсөтө албайт

Кыргызстанда улуттук валютанын күчтүү өзгөрүлмөсү жана анын долларга карата алсыздануусу буга чейин да болгон. 2015-2016-жылдары АКШ доллары кыргыз сомуна карата 50дөн 76 сомго чейин көтөрүлүп кеткен. Анда дагы бул нефтиге болгон баанын түшүүсүнөн улам болгон. Албетте бул тажрыйбаны Улуттук Банк менен өкмөт эске алып, бул жылдар бою алар долларлаштыруунун деңгээлин түшүрүүнүн үстүндө иш алып барып келишкен.

«Анда биз ипотекалык насыяларды конвертациялоо аркылуу жардам көрсөткөнбүз. Биз мурунку каталарды эске алып, доллар менен керектөөчү насыяларды берүүгө тыюу салдык. Андан сырткары, биз жарандарга алар ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан валютада гана насыя алууну сунуштадык. Алмаштыруучу курс менен кандайдыр бир өзгөрүү ар дайым болуп келерин эске алуу керек. Биз жүргүзүп жаткан иштер бул жылдары (2015-жылдан бери) депозиттик базадагы долларлаштыруунун деңгээлин 65 пайыздан 38 пайызга, ал эми насыялык портфелде 55 пайыздан 35 пайызга түшүрүүгө жардам берди»,- деди Абдыгулов.

Кеңештерге бирөө кулак салса, башкасы уккан жок. Бул нормалдуу тажрыйба, ал баардык өлкөлөрдө бар.

«Биздин кеңештерге көңүл бурбастан доллар менен насыя алган ишкерлер курстун өзгөрүп туруусуна карабастан, тобокелчиликке кайрадан барышты. Ошондуктан, бул ирет курстун өзгөрүүсүнөн улам жапа чеккен жарандарга жардам көрсөтүүнү биз караштырбайбыз. Аны менен бирге, кечээ эле Улуттук Банктын токтому менен коронавирус пандемиясынан улам жапа чеккендерге жардам көрсөтүү тууралуу чечим кабыл алынды. Ага ылайык, биз коммерциялык банктарга жарандардын насыяларын төлөөдө убакыт берип, алардын графиктерин карап чыгып, айып пул жана пения салынуусуна тыюу салдык. Буга байланыштуу карыздарды реконструкциялоо боюнча иштер башталды»,-деп белгиледи Улуттук Банктын жетекчиси.

Абдыгулов кошумчалагандай, 19-мартта ал баардык коммерциялык банктардын жетекчилерин чогултуп, учурдагы кырдаалды талкуулаган.

«Банктар баардыгына түшүнүү менен мамиле кылып, жапа чеккендерге жардам көрсөтүүгө даяр. Бирок жардам коронавирус пандемиясынан улам гана жапа чеккендерге көрсөтүлө тургандыгын эске алуу керек», -деп баса белгиледи Толкунбек Абдыгулов.

Тэги: Улуттук банк АКШ доллары

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть