Улуттук банк чет өлкө валютасына болгон суроо-талап сунуштан ашып жаткандыгын белгиледи

04.03.2022, 17:38 Акчабар
Улуттук банк чет өлкө валютасына болгон суроо-талап сунуштан ашып жаткандыгын белгиледи

Улуттук банк ички валюта рыногундагы жана тышкы финансы рынокторундагы жагдайларга туруктуу негизде байкоо жүргүзүүдө. Бул тууралуу борбордук банктын сайтында жарыяланды.

Бүгүнкү күндө болуп жаткан геосаясий кырдаалга байланыштуу тышкы финансы рынокторунда Кыргызстандын соода боюнча экономикалык өнөктөш болгон өлкөлөрүндө валюта курстарынын жогорку деңгээлде өзгөрүлмөлүү болушу байкалып жатат.

Кыргызстанда өзгөрүлмөлүү алмашуу курсу режими колдонулат, бул режимдин алкагында динамика ички валюта рыногунда чет өлкө валютасына болгон суроо-талап менен сунуштун балансынын негизинде аныкталат.

“Учурда валюта рыногунда чет өлкө валютасына болгон суроо-талап сунуштан ашып жаткандыгы байкалууда. Ушуга байланыштуу Улуттук банк валюта рыногунда өзүнүн катышуусун улантуу менен валюталык интервенцияларды жүргүзүп турат, анткени Улуттук банкта жагдайды текшилөө үчүн зарыл ресурстар менен инструменттер жетиштүү”,- деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, Улуттук банк ички валюта рыногуна талдоо жүргүзүп турат жана жагдайды жөнгө салуу үчүн акча-кредит саясатынын инструменттеринин бардык спектрин колдонуп, бардык зарыл болгон чараларды кабыл алууга даяр.

Тэги: Улуттук банк. ички валюта рыногу тышкы финансы рыноктору валюталык интервенция

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть