КР мыйзамдарын жана Улуттук банктын тийиштүү укуктарын бузгандыгы үчүн 30-октябрдан 5-ноябрга чейин, Бишкек шаарынын «Дордой» базарында жайгашкан ОсОО «Гарант финанс» акча алмаштыруучу жайдын ишмердүүлүгү токтотулду.
Андан сырткары, ушундай эле себеп менен 5-ноябрга чейин Кант шаарынын, Ленин көчөсүндө жайгашкан ОсОО «НКА три семерки» акча алмаштыруучу жайдын ишмердүүлүгү дагы токтотулду.
Эске сала кетсек, октябрь айында Улуттук банк төрт акча алмаштыруучу жайдын ишин токтоткон.