Улуттук банкка топтолгон 271 млн сом «Айыл банкка» өткөрүлүп берилди

01.04.2022, 15:00 Акчабар
Улуттук банкка топтолгон 271 млн сом «Айыл банкка» өткөрүлүп берилди

Улуттук банкка топтолгон 271,7 млн сом кайтарымдуу финансы каражаттары «Айыл банк» ачык акционердик коомуна өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Тийиштүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

Кабыл алынган чечимдин алкагында Финансы министрлигине «Айыл банк» ачык акционердик коому менен тийиштүү карыз милдеттенмесин түзүү тапшырылган.

«Айыл банк» ачык акционердик коомуна алынган финансы каражаттарын айыл чарба субъекттерине жана кайра иштетүүчү ишканаларга айыл чарба, сугат техникаларын, машиналарды жана жабдууларды лизингге алууга 7 жылга чейинки мөөнөткө, улуттук валютада жылына 6 пайыз менен берүү үчүн багыттоосу сунушталды.

Белгилесек, өткөн жылдын соңунда «Айыл Банк» ачык акционердик коомуна айыл чарба, кайра иштетүүчү техникаларды, жаадыргыч машиналарды жана тамчылатып сугаруу үчүн жабдууларды лизингге берүүгө кредиттик линия ачуу үчүн 426,6 млн сом бөлүнгөн.

Тэги: айыл чарба субъекттери лизинг

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть