Улуттук банк Ысык-Көлдөгү кредиттик союздардын бирине айып салды

27.04.2022, 10:17 Акчабар
Улуттук банк Ысык-Көлдөгү кредиттик союздардын бирине айып салды

Улуттук банктын Ысык-Көл областтык башкармалыгы тарабынан кредиттик союздардын бирине 55 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды. Бул тууралуу борбордук банктын сайтында маалымдалды.

Андагы маалыматка ылайык, буга Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузгандыгы жана банк тарабынан берилген жазма буйруктарды белгиленген мөөнөттө аткарбагандыгы себеп болгон.

Белгилей кетсек, кечээ Улуттук банкы микрофинансылык уюмдардын бирине 55 миң сом өлчөмүндө айып пул салган. Тактап айтканда, Кыргызстандын мыйзамдарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын, анын ичинде МФУ тарабынан бир эле жакка же ага байланыштуу адамдардын тобуна берилүүчү каржылоонун максималдуу чогуу алгандагы өлчөмү боюнча талаптарды бузгандыгы үчүн микрофинансылык уюмга айып салынган.

Тэги: кредиттик союз Улуттук банк. Айып пул

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть