Улуттук банктын имаратында маалыматтарды иштеп чыгуу борбору курулду

21.01.2020, 14:00 Акчабар
Улуттук банктын имаратында маалыматтарды иштеп чыгуу борбору курулду

Улуттук банк коммерциялык банктарга көзөмөл кылуу үчүн жасалма интеллектти ишке киргизүүнү көздөөдө. Бул тууралуу «Кабар»агенттигиндеги маалымат жыйында Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов билдирди.

Ал белгилегендей, бүгүнкү күнү банк тармагына санарип технологияларды киргизүү боюнча бир катар максаттар бар. Алсак Абдыгулов, коммерциялык банктардын электрондук отчеттуулугу, Улуттук банктын көзөмөлүн жасалма интеллектке өткөрүү тууралуу ойлонуу керектигин билдирди.

Анын айтымында, бул долбоорлорду Улуттук банктын Дата борбору аркылуу ишке ашырууга болот.

«Улуттук банктын имаратында Маалыматтарды иштеп чыгуу борбору (Дата борбору) курулду. Дата борбору тиешелүү сертификатка ээ. Бул борбор Tier III Certification of Design Documents жана Tier III Certification of Constructed Facility сертификаттарына ээ Орто Азиядагы биринчи объект болуп саналат», — деди ал.

Тэги: Улуттук банк маалымат борбору маалымат борбору Толкунбек Абдыгулов

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть