Улуттук статистикалык комитет: Көмүрдүн чекене баасы 150 сомго азайды

20.12.2019, 15:30 Акчабар
Улуттук статистикалык комитет: Көмүрдүн чекене баасы 150 сомго азайды

2019-жылдын декабрь айынын үчүнчү жумасында көмүрдүн орточо чекене баасы, ноябрь айына салыштырмалуу 156,37 сомго же 3,3 пайызга азайган. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитети билдирет.

«Ноябрдын үчүнчү жумасына салыштырмалуу баанын саны 152,24 сомго же 3,3 пайызга төмөндөгөнү байкалган. Муну мене бирге айрым калктуу конуштарда көмүрдүн баасы өзгөрүүсүз сакталып калды», - деп жазылат маалыматта.

2019-жылдын 19-декабрына карата көмүрдүн максималдуу керектөөчү баалары Баткен (бир тонна – 7 807,93 сом), Ноокат (бир тонна - 7 508,79 сом) жана Исфана (бир тонна – 6 387,49 сом) шаарларында белгиленди. Ушул эле учурда минималдуу чекене баалар өткөн мезгилдегидей эле, Балыкчы шаарында (бир тонна – 3 694,59 сом), Нарын шаарында (бир тонна – 3 500,00 сом) жана Чаек айылында (бир тонна – 2 500 сом) болгону байкалды.

Тэги: Улуттук статистикалык комитет көмүр баа арзандады баасы арзандады

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть