Унаа менен товар ташууда навигациялык пломбаларды колдонууну тестирлөө узарды

24.01.2022, 13:14 Акчабар
Унаа менен товар ташууда навигациялык пломбаларды колдонууну тестирлөө узарды

Мамлекеттик салык кызматы Кыргызстандын аймагы аркылуу авто унаа менен товарларды ташууда навигациялык пломбаларды колдонууну тестирлөө боюнча пилоттук долбоорду узартты.

Пилоттук долбоор 15-февралга чейин иштейт.

“Навигациялык пломба ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден Кыргызстандын аймагына импорттоо учурунда жүк ташуучу автотранспорттук каражаттар менен товарларды ташууга байкоо жүргүзүү, товар жүгүртүүнүн мыйзамдуулугун тастыктоо, товарлардын багытталган пунктка жеткирилишин контролдоону камсыздоо жана тышкы экономикалык иштердин катышуучуларын ЕАЭБде навигациялык пломбаларды колдонууну киргизүүгө даярдоо максатында колдонулат.

Көрсөтүлгөн мезгилде ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден товарларды алып келүүдө навигациялык пломба эшиктердин бекитүүчү түзүлүштөрүнө жана транспорттук каражаттын (контейнердин) жүк турган бөлүктөрүнө илинет”,- деп айтылат Салык кызматынын маалыматында.

Белгилей кетсек, пилоттук долбоорго өлкө аймагына алкоголдук жана тамеки продукцияларын ташып келүүчү 6 компания – “FORESTER”, “Сибирь Трейд”, “Глобал Риверс”, “Крона Трейд”, “Тобако Маркет”, “Росс Табак” ЖЧКлары катышууда.

Пилоттук долбоордун катышуучулары үчүн транспорт каражаттарынын жүк турган бөлүктөрүнө навигациялык пломбалар ыктыярдуу жана акысыз негизде орнотулат.

Тэги: Мамлекеттик салык кызматы авто унаа менен товарларды ташуу

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть