«Унаа» ишканасынын кызматкери 2 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалды

03.09.2020, 17:15 Акчабар
«Унаа» ишканасынын кызматкери 2 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалды

Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы «Унаа» мамлекеттик ишканасынын директорунун жардамчысы пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин билдиришти.

УКМК билдиргендей, Коррупцияга каршы кызмат тарабынан коррупциялык схема түзүп, эмгек келишимдеринин мөөнөтүн тоскоолдуксуз узартуу шылтоосу менен аймактык бөлүмдөрдүн кызматкерлеринен акча опузалаган «Унаа» ишкананын кызматкерлери аныкталган.

«Кечээ, 3-сентябрь күнү акча опузалоо жана 2 миң доллар пара алуу фактысы боюнча иш бөлмөсүндө «Унаа» мамлекеттик ишканасынын директорунун жардамчысы кармалды. Ал «Унаа" ишканасынын жетекчилигинин эмгек келишиминин мөөнөтүн узартуудан баш тартканына байланыштуу көп убакыттан бери
«Унаа» ишканасынын Бишкек шаардагы бөлүмүнүн кызматкерин негизсиз түрдө жумуштан кетирем деп коркутуп келген», - деп билдирет УКМК.

Учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында аталган учурга окшош акча талап кылуу фактыларын жана «Унаа» ишканасынын башка кызматкерлеринин аталган коррупциялык схемага тиешеси бар же жоктугун аныктоо боюнча иштер жүрүүдө.

Тэги: коррупция Пара УКМК

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть