Үшүктүн кесепетинен дыйкандар 301 млн 433 миң сомго зыян тартышты

22.04.2020, 16:30 Акчабар
Үшүктүн кесепетинен дыйкандар 301 млн 433 миң сомго зыян тартышты

Үшүктүн кесепетинен дыйкандар 301 млн 433 миң сом зыян тарткан. Бул тууралуу бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев билдирди.

«Үшүктөн келип чыккан зыяндарды аныктоо үчүн облустук агрардык өнүктүрүү башкармалыктары тарабынан сурамжылоо жүргүзүлүп, жеринде комиссия түзүлгөн. Азыркы убакта бизге зыяндын болжолдуу эсеби келди. Ал 301 млн 433 миң сомду түзөт», - деп кошумчалады ал.

Анын айтымында бул боюнча төрт маселе каралат.

«Алар салыктык жана социалдык төлөмдөрдү жылдыруу, дыйкандардын банктардан алган насыяларын төлөө мөөнөтүн жылдыруу, ошондой дыйкандар тарабынан алынган үрөндөрдүн акысын төлөө мөөнөтүн узартуу», - деп баса белгиледи министр.

Белгилей кестек, 8-9-апрелде республикада кар жаап, Жалал-Абад, Баткен жана Чүй облусунда, ошондой эле Ош облусунун айрым райондорунда үшүк жүргөн.

Тэги: айыл-чарба үшүк Эркинбек Чодуев

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть