Үстүбүздөгү жылда 213 даана айыл чарба техникасы лизингге берилди

06.08.2020, 14:19 Акчабар
Үстүбүздөгү жылда 213 даана айыл чарба техникасы лизингге берилди

Үстүбүздөгү жылда 213 даана айыл чарба техникасы лизингге берилген. Бул туурасында бүгүн, 6-августа премьер-министр Кубатбек Боронов брифингде билдирди.

Өкмөт башчы айлы чарба техникаларын лизингге алуу уланууда экенин айтты.

«2018-жылы 338 айыл чарба техникасы лизингге алынса, 2019-жылы – 341, ал эми 2020-жылы 213 даана айыл чарба техникасы лизингге алынды. Буга катар үстүбүздөгү жылы лизингдик программага жалпысынан 571,9 млн сом бөлүнгөн.

Техникадан тышкары, малдын асылдуулугун жакшыртуу максатында 2019-жылдан тартып, мал да лизингге алына баштаган. Бул системаны андан ары өркүндөтүп, учурда өнөр жай жабдууларын да лизингге берүү боюнча финансылык инструменттер иштелип жатат. Муну менен бирге бизнести колдоочу институттардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу мексатында мамлекеттик лизинг компаниясын түзүү пландалууда», - деди премьер-министр.

Тэги: айыл чарба техникалары Кыргыз өкмөтү лизингге техника

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть