Кыргызстандын тышкы соодасындагы АКШ долларынын үлүшү 75% ды түзөт

03.09.2019, 16:11 Акчабар
Кыргызстандын тышкы соодасындагы АКШ долларынын үлүшү 75% ды түзөт

Кыргызстандын негизги тышкы соодасы АКШ доллары менен жүргүзүлөт. Экспорттоо жана импорттоо учурунда бул валютанын үлүшү 75% түзөт.

Евразиялык өнүктүрүү банкы билдиргендей, акыркы беш жылда доллар менен эсептешүү кыскарган. Ошол себептен орусиянын рублуна болгон талаптын жогору болушу анык. Бул көрүнүш бажы биримдигинин жүрүшүндө жакшы жараян экенин айтса болот.

2017-2018-жылдардагы көрүнүштү салыштырсак, Кыргызстандын товарын экспорттодо доллар менен эсептешүү, 2017-ж жалпы жүгүртүүдөн 67%дан, 2018-ж 74%га көтөрүлгөн. Ал эми товарды импорттодо рубль жалпы жүгүртүүдөн 2017-ж 13% түзсө, 2018-ж. 14% түзүп утуп бара жатат. Бажы биримдигине кирген башка мамлекеттердин валютасы тышкы соодада анча чоң ролду ойнобойт.

Бажы бирмдигиндеги Россия жана Казакхстандагы соода өнөктөштөрү менен болгон эсептешүүдө, ар түрдүү багыттарды байкаса болот. Россия менен соодалашууда рубль доллардан басымдуу кылаары анык. Бирок, соодалашуу орусия рублу менен жүргүзүлсө дагы, үлүшү доллардан төмөн. Бул көрүнүш соода структурасынын өзгөрүп турганы менен болушу мүмкүн.

«Кыргызстан менен Казахстандын ортосундагы эсептөө, товарды экспорттоо жана импорттодо көбүнэсе АКШ доллары менен жүргүзүлөт. Бул көрүнүш улуттук валютанын туруктуулугуна болгон ишенимдин жоктугунан улам байкоого болот. Орточо ылдамдык менен бул көрсөткүч мындан ары дагы уланышы мүмкүн» - деп билдирет ЕАӨБдин аналитиктери.

Тэги: таможенный союз АКШ доллар Акчабар

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть