2020-жылдын январынан тарта электрондук тамекилерге салык салына баштайт

20.12.2019, 11:30 Акчабар
2020-жылдын январынан тарта электрондук тамекилерге салык салына баштайт

2020-жылдын 1-январынан тартып электрондук сигареттерге пайдалануу үчүн ысытылган тамекиси бар буюмдарды картридждердеги, резервуарлардагы жана башка контейнерлердеги никотин камтыган суюктуктарга карата акциздик салык салына баштайт. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Салык төлөөчүлөр 2020-жылдын 1-январынан тартып 31-декабрына чейин 1 килограмм ысытылган тамекиси бар буюмдарга – 610 сом, электрондук сигареттерде пайдалануу үчүн 1 миллилитр никотин камтыган суюктуктарга – 1 сом төлөшөт.

Мындан ары, 2021-жылдын ичинде ысытылуучу тамекинин 1 килограммы үчүн акциз салыгынын ставкасы 700 сом, электрондук сигареттерди пайдалануу үчүн 1 миллилитр никотин камтыган суюктук үчүн 1,25 сом өлчөмүндө белгиленет. Ал эми 2022-жылдын 1-январынан тартып тиешелүү түрдө 800 сом жана 1,5 сом болот.

Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 14-июнундагы «КР Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамына ылайык ысытылган тамекиси бар буюмдар жана никотин камтылган суюктуктар товарлардын акцизделчү тобуна киргизилген. 2019-жылдын 1-июлунан тартып 31-декабрына чейин жогоруда көрсөтүлгөн товарларга акциз салыгы 0 сомду түзгөн.

Тэги: акциз тамеки салык электрондук сигарет

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть