Ысык-Атада "акылдуу күнөскана” ачылды

27.04.2022, 09:45 Акчабар
Ысык-Атада "акылдуу күнөскана” ачылды

Ысык-Ата районунда Түштүк Кореянын өкүлдөрү менен биргеликте жаңы технологияларды колдонуп, "акылдуу күнөскана" курулду. Бул тууралуу айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 5.3 га жерде 4 га бадыраң, 0.4 га кулпунай, 0.4 га помидор, 0.3 га көчөттөр жана 0.2 га жерде аквапоника бар.

Ошондой эле ачык жердеги 14 гектар жерге картошка, 17 га жүгөрү жана 15 га арпа сыноого себилген.

Жаңычылдык менен айыл чарба министринин орун басары Азамат Мукашев жана жашылчалар боюнча кластердик бирикменин жетекчиси Манас Белошаров таанышып келди.

Анда жашылча жана кулпунай чыгаруучу компаниянын продукция өстүрүү шарттары, анын ичинде тамчылатып сугаруу, суюк жер семирткичтер жана гидропоникага өзгөчө көңүл бурулду.

Кошумчаласак, учурда бул жерде 80ден ашык адам эмгектенет.

Тэги: күнөскана айыл чарба

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть