Ысык-Көлдө жайкы туристтик сезондун расмий ачылышы 13-майда болот. Туризм департаментинин маалыматына ылайык, бул күнгө Issyk-Kul ITF 2023 эл аралык көргөзмөсү белгиленди.
Каалоочулар Рух Ордо маданий борборунда туристтик компаниялардын, пансионат жана эс алуу үйлөрүнүн товарлары, кызматтары менен тааныша алат. Көргөзмө-жарманке туризм тармагын өнүктүрүү, аны эл аралык рынокто жайылтуу жана чет элдик туристтерди тартуу максатын көздөйт.