ЮНИСЕФ ИИМдин Оштогу борборун 50 миң доллардан ашык акчага оңдоп берди

28.02.2022, 15:10 Акчабар
ЮНИСЕФ ИИМдин Оштогу борборун 50 миң доллардан ашык акчага оңдоп берди

ЮНИСЕФтин өкүлү жана Европа Биримдигинин Кыргызстандагы делегациясы Ички иштер министрлигинин Ош облусундагы башкармалыгына караштуу Өспүрүмдөрдүн арасындагы укук бузуулардын алдын алуу борборунда ремонт иштерин кабыл алуу жана жабдууларды расмий тапшыруу аземине катышты. Оңдоо иштеринин алкагында жылуулук, суу жана электр менен жабдуу системалары калыбына келтирилип, ошондой эле эмеректер жана IT-жабдуулары жеткирилди. Ремонттун жана жабдуулардын жалпы суммасы 50 000 АКШ долларынан ашты.

Европа Биримдигинин делегациясын ЕБнын Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Терхи Хакала жетектеп келди. Салтанаттуу аземге ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Кристин Жольм катышты.

“Өспүрүмдөр үчүн борбор өзгөчө аялуу балдарга керектүү жана кесипкөй колдоо кызматтарын көрсөтөт. Кыргызстандын түштүгүнөн келген эмгек мигранттарынын үлүшү жогору болгонуна карабастан, Евробиримдик мигранттардын балдарын коргоону камсыз кылууга умтулат”, - деди Евробиримдиктин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Терхи Хакала.

Бул борбор ата-энесинин камкордугусуз калган же жоголгон деп табылган балдарга колдоо көрсөтөт. Борбор жашы жете электерге турмуштук оор кырдаалда психологиялык жана юридикалык жардам көрсөтүп, балдардын укуктарын коргоп, алардын ден соолугун жана коопсуздугун камсыз кылат. 2021-жылы милиция борборго 337 өспүрүмдү алып келген.

“Борбордо жумуш табуу максатында кошуна өлкөлөрдүн чек арасынан өтүп кеткен, Кыргызстанга кайтарылган балдарды убактылуу жайгаштыруу үчүн коопсуз жай бар. Борбор балдарга ыңгайлуу мейкиндик болуп саналат, мында баланын өзгөчө муктаждыктарын жана жашын, жынысын, этностук таандыктыгын жана динин эске алуу менен баланын таламдарына өзгөчө көңүл бурулат. Бул борбор балдар камкор жана жагымдуу чөйрөдө өсүшү үчүн, катаал мамиледен жана зомбулуктан коргоону камсыз кылуу үчүн адекваттуу чечимдерди табуу максатын көздөйт”, - деди ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Кристин Жольм.

Миграциядан жапа чеккен жана турмуштук оор кырдаалга кабылган балдарды коргоо кызматтарын бекемдөө боюнча иштерди ЮНИСЕФ “Түштүк-Чыгыш, Түштүк жана Борбор Азияда миграциянын кесепетинен жабыркаган балдарды коргоо” долбоорунун алкагында жүргүзүүдө. Аталган долбоорду Европа Биримдиги каржылайт.

Тэги: ЮНИСЕФ ИИМ ремонт

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть