Өзбекстанда 1 доллар 11 миң сумдан сатылууда

14.03.2022, 15:23 Акчабар
Өзбекстанда 1 доллар 11 миң сумдан сатылууда

Өзбекстандын айрым коммерциялык банктарында 1 АКШ доллары 11 миң сумдан сатылууда. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазышты.

11-мартта "Хамкорбанкта" 1 АКШ доллары 11 миң сумдан сатылса, "Davrbank", "Ipak yo‘li bank" жана "Микрокредитбанк" 11 миң 10 сумдан сатып жатышты.

Бул өзбекстанда АКШ долларынын алмаштыруу курсу 11 000 сумдан ашкан алгачкы учур болуп калды.

Буга чейин талдоочулар Москвага салынган санкциялар жана андан кийинки рублдин кунунун түшүшү Орусия менен тыгыз экономикалык мамилеси бар өлкөлөрдүн, анын ичинде Өзбекстандын валютасына терс таасир этиши мүмкүн экенин билдиришкен.

Өзбекстандын Борбордук банкы 11-мартка карата белгилеген расмий курска ылайык, 1 АКШ доллары 10957,36 сумга барабар.

Тэги: доллар сум Өзбекстан

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть