Өзгөндө 11 млн еврого саркынды суу тазалоочу жай курулат

03.09.2021, 16:30 Акчабар
Өзгөндө 11 млн еврого саркынды суу тазалоочу жай курулат

Өзгөндө саркынды суу үчүн долбоор бир айда аяктайт. Бул тууралуу “Акчабарга” президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, долбоор аркылуу Өзгөн шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдөгү түтүкчөлөр жаңыланып, таза суу үйлөргө чейин киргизилет. Ал үчүн саркынды сууну тазалоочу жай курулат. Ага Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынан 11 миллион евро бөлүнгөн.

Суу тазалоочу курулма 4,7 гектар жерди ээлеп, суткасына 10 миң метр тереңдиктеги саркынды сууну тазалоого ылайыкташкан.

Өзгөн шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн ичиндеги суу түтүкчөлөрү союз мезгилинен бери жаңыланбай, жашоочулардын таза суу маселеси чечилбей келген.

Тэги: саркынды суу долбоор Өзгөн

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть