Жалал-Абадда мугалимдердин дээрлик 50%ы COVID-19га каршы эмдөөдөн өттү

09.08.2021, 15:20 Акчабар
Жалал-Абадда мугалимдердин дээрлик 50%ы COVID-19га каршы эмдөөдөн өттү

Жалал-Абад облусу боюнча билим берүү мекемелериндеги жалпы 16 миң 703 мугалимдин ичинен 8 миң 35 мугалим эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу “Акчабарга” президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.

Ал эми бала-бакчаларда жалпысынан 1551 тарбиячы иштесе, анын 1275и эмделди.

Эске салсак, буга чейин республикалык штаб жаңы окуу жылынын онлайн же офлайн болушу аймактардагы мугалимдердин эмдөөдөн өтүүсүнө карап белгилүү болоорун айткан.

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына ылайык, республика боюнча COVID-19га каршы мектепке чейинки билим берүү мекемелериндеги тарбиячылардын 80%, мектеп мугалимдеринин арасында 70-80%, баштапкы жана орто кесиптик билим берүү 60% жана жогорку окуу жайларынын 54,5% мугалимдери COVID-19га каршы эмдөөдөн өтүштү.

Тэги: эмдөө ковид билим берүү

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть