Жаныбек Абиров: Чогулган салыктардын туура жумшалышын көзөмөлдөйбүз

15.11.2021, 13:30 Акчабар
Жаныбек Абиров: Чогулган салыктардын туура жумшалышын көзөмөлдөйбүз

Бир мандаттуу №26 Ленин шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Жаныбек Абиров “Ак-Өргө” жаңы конушунун тургундары менен жолугушуп, кантип өлкөнү өнүктүрүү жана жарандардын жашоо-турмушун жакшыртууга болорун айтты.

Конуштун тургундары аларды көбүрөөк ойлонткон маселелер жөнүндө билдиришти. Алсак, түзүгүрөөк жолдордун, тротуарлардын, мектеп жана бала-бакчалардын, канализациянын жоктугун мисал кылышты.

“Көчөлөр таштанды, кир, ыш жана бак-дарактар аз. Эл жумуш таба албай кыйналууда. Ал эми баалар күн сайын өсүүдө”, - деди шайлоочулардын бири.

Ал эми Жаныбек Абиров өз сөзүндө:

“Парламентке барып калсак, Ленин районуна дароо эле коомдук кабылдама түзүп алабыз. Тургундардын кайрылууларына жооп берүүгө даяр болобуз. Жогорку Кеңеште чындап ишке ашыра ала турган иштерди кошуу менен беш жылдык планды чогуу-чаран түзүп алабыз. Муниципалитет, Бишкек шаардык кеңеши жана Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгы менен биргелешип иш алып барууга басым жасайбыз. Негизги иштерибиздин бири - бюджетке түшө турган салыктарды республикалык жана жергиликтүү деңгээлде натыйжалуу бөлүштүрүү болот”, - деди.

Ал бул сыяктуу жолугушууларды үгүттөө иштери башталгандан тарта күнүгө өткөрүп, ошондой эле ар бир үйдүн эшигин кагууга аракет жасап жаткандыгын белгиледи.

“Элдин чордонуна баруу, калк менен тил табышуу жана парламенттеги ишмердүүлүк үчүн платформа түзүп алуу маанилүү кадамдардын бири. Үгүттөө учурунда мен жүздөгөн чакырым жерлерди жөө басып кыдырып келатам. Анткени, бул кыдыруулар ошого татыктуу! Көптөгөн шайлоочулар шайлоого ишенишпейт экенин билем. Алар алдыдагы шайлоо эч нерсени өзгөртпөйт деп эсептеп, ага катышууну да каалашпайт. Же болбосо, акча үчүн добуш беришет. Биздин максат – алардын мындай оюн өзгөртүү. Биздин колубуздан келет жана биз - депутаттар айтканын аткара турганын далилдешибиз керек”, - деди Абиров.

Муну менен бирге шайлоочуларга төмөнкүчө кайрылды:

“Урматтуу шайлоочулар, шайлоого сөзсүз катышыңыздар! Балдардын келечегин ойлоп, убактылуу керектөөлөр үчүн добушуңуздарды сатпаңыздар. Жаш, активдүү жана перспективдүүлөрдү, эл менен иштешүүдөн качпагандарды шайлаңыздар”.

Белгилей кетсек, бардык жолугушуулар санитардык нормаларды сактоо менен өтүүдө.

Кыргызстанда 28-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өтөт. Шайлоо бюллетенинде Жаныбек Абиров №9 менен катталган.

Тапшырмачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Абиров Жаныбек Болотбекович.
Нускасы: 1 даана, чыгарылган датасы: 2021-ж. 15-ноябрь.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Абиров Жаныбек Болотбековичтин шайлоо фондунун каражаттарынан финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Ахметбекова Асел Аширалыевна тарабынан төлөндү.

Тэги: Шайлоо ЖК Абиров

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть