Жапаров: Баткендеги ишканалар 5 жылга салык төлөөдөн бошотулат

22.02.2022, 11:03 Акчабар
Жапаров: Баткендеги ишканалар 5 жылга салык төлөөдөн бошотулат

Министрлер кабинетинин төрагасы Баткен облусуна жумушчу сапарынын алкагында аймакта жайгашкан бир катар өндүрүш обьектилерин кыдырып чыкты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Атап айтканда, Акылбек Жапаров 2020-жылы «Кант түтүк-шифер ишканасы» ЖЧК тарабынан курулган шифер чыгаруучу заводго барды.

Ишкананы кыдырууда анын учурдагы иши, өндүрүштү мындан ары өнүктүрүү жана кеңейтүү пландары талкууланды.

Министрлер кабинетинин төрагасы белгилегендей, аталган завод мыкты менеджердик ишти алып баруунун үлгүсү болуп саналат.

«Биз ар дайым ата мекендик өндүрүшчүлөрдү колдоого аракет кылабыз. «Баткен облусунун статусу жөнүндө» мыйзамдын алкагында ишканалар 5 жылга салык төлөөдөн бошотулат. Биз өнөр жайды өнүктүрүү үчүн бардык шарттарды түзүүгө даярбыз», - деди Жапаров.

Белгилесек, шифер заводунун продукциясы Кыргызстандын аймагында гана эмес, коңшу мамлекеттерге – Тажикстанга жана Өзбекстанга да экспорттолот.

Тэги: Кант түтүк-шифер ишканасы Министрлер кабинетинин төрагасы Баткен облусу

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть