Жапаров: Баткендин транпорттук коридорлору – келечекте Кыргызстан үчүн кызмат кылат

22.02.2022, 15:03 Акчабар
Жапаров: Баткендин транпорттук коридорлору – келечекте Кыргызстан үчүн кызмат кылат

Баткен облусунун негизги артыкчылыгы катары анын транзиттик потенциалы саналат. Бул туурасында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткен шаарында өткөн министрлер кабинетинин көчмө жыйынында билдирди.

Көчмө жыйындын жүрүшүндө аймакты мындан ары өнүктүрүү, атап айтканда, инфраструктураны жана жолдорду жакшыртуу, жарандарды, анын ичинде чектеш аймактардагы тургундарды социалдык жактан камсыздоо жана мамлекеттик колдоо көрсөтүү, инвестициялардын киришине шарттарды түзүү маселелери талкууланды.

Жапаров белгилегендей, Баткен облусу стратегиялык аймак болуп саналат.

«Баткен облусунун негизги артыкчылыгы катары анын транзиттик потенциалы саналат. Баткендин транпорттук коридорлору – келечекте Баткен району үчүн эле эмес, Кыргызстан үчүн кызмат кылат – өнүгүүнүн коридорлору болот», - деп белгиледи ал.

Ал кошумчалагандай, Баткен облусунун Фергана өрөөнү жана Кытай Эл Республикасы ортосундагы транзиттик коридор болууга толук мүмкүнчүлгү бар.

«Тийиштүү шарттарды түзүп, фитосанитардык лабораторияларды ишке берсек, Эркечтам өткөрүү пункту аркылуу коңшу Кытайга сапаттуу жана экологиялык жактан таза продукцияларды экспорттоого мүмкүнчүлүк түзүлөт. Кызыл-Кыя шаары Борбор Азия менен Кытайдын ортосундагы ири аймактык соода түйүнүнө айланат. Баткен жана Исфана аэропорттору эл аралык макам алат, Лейлек эркин экономикалык аймагы пландалгандай иштейт»,- деди Жапаров.

Тэги: транзиттик потенциал Баткен облусу транпорттук коридорлор

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть