Жапаров өлүм чыккан үйдө мал союуга тыюу салган жарлык чыгарды

24.02.2022, 17:34 Акчабар
Жапаров өлүм чыккан үйдө мал союуга тыюу салган жарлык чыгарды

Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Бул Жарлыктын максаты болуп кыргыз жарандарынын социалдык жана экономикалык жашоо деңгээлин жогорулатуу, ошондой эле диний ырым-жырымдарды, үрп-адаттарды жана коомдун руханий абалына терс таасирин тийгизүүчү башка иш-чараларды өткөрүүдө ысырапкорчулукту болтурбоо эсептелет.

Соңку жылдары көрүлүп жаткан чараларга карабастан, кыргыз коомчулугунда ар кандай үй-бүлөлүк салтанаттарды, маркумду эскерүү үрп-адаттарын жана башка иш-чараларды өткөрүүдө текебердик, өзүн эл алдында көрсөтүүгө умтулуу, башка адамдардын социалдык абалын теңсинбөө, ашыкча ысырапкерчилик, элдин каада-салттарын жана үрп-адаттарын сактабоо сыяктуу терс көрүнүштөр жана жаман адаттар кездешүүдө. Көптөгөн жарандар шаан-шөкөттүү үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумга арналган иш-чараларын коңшулардын жана туугандарынын алдында сын пикирге кабылбоонун, жалпысынан коомчулуктун басымында калбоонун жалгыз мүмкүнчүлүгү катары кабыл алууда.

Калк маркумду жерге коюу, маркумду эскерүү, ошондой эле үйлөнүү үлпөттөрүн, мааракелерди өткөрүү менен байланышкан ар кандай үй-бүлөлүк иш-чараларда негизсиз чыгашаларга дуушар болууда. Ал тургай мындай шаан-шөкөттүү салтанаттарды жана башка иш-чараларды өткөрүү кеңири жайылган көрүнүш болуп калды. Үй-бүлөлүк, мааракелик салтанаттарды жана маркумду эскерүү иш-чараларында улуттук каада-салттарга, адеп-ахлак ченемдерине карама-каршы келген үрп-адаттарга жол берилип жатат. Мунун бардыгы өзүмчүлдүктү, адепсиздикти, өзүм билемдикти камтыган бөтөн жана бузуку идеялардын жана баалуулуктардын системасынын коомго жайылышына алып келет.

Курулай бедел күтүү, жок каада-салттарды сактоо үчүн бул иш-чараларга көп учурларда материалдык мүмкүнчүлүгүнө ылайык келбеген көп сандагы адамдар чакырылат, тамак-аш көп жасалып, көптөгөн мал союлат, акча каражаттары ашыкча чыгымдалат.

Мындай ашыкча чыгымдар үй-бүлөлүк бюджетке зыян келтирет жана калктын жашоо деңгээлине терс таасирин тийгизет. Көптөгөн жарандар ысыраптуу жана шаан-шөкөттүү үй-бүлөлүк иш-чараларды жана үрп-адаттарды өткөргөндөн кийин каражаттарды карызга, кредитке алат жана аны төлөө үчүн республикадан тышкары жактарга иштегенге кетет.

Белгилүү болгондой, динде да маркумду жерге коюуда, маркумду эскерүү үрп-адаттарында мындай ысырапкерчиликке жол берилбейт.

Ошондой эле президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары калк арасында аталган жарлык боюнча түшүндүрүүнү, Жогорку Кеңештин депутаттары, Министрлер кабинетинин мүчөлөрүнө, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар жалпы кабыл алынган адеп-ахлактык ченемдерди сактоодо жарандарга үлгү болуу сунушталат. Аны менен бирге эле жарлык менен Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгына диний ырым-жырымдарды, маркумду эскерүү үрп-адаттарын, маркумга арналган иш-чараларды өткөрүүдө ысырапкерчиликке жол бербөө жана алдын алуу максатында тиешелүү фатваларды чыгаруу сунушталат.

Тэги: үй-бүлөлүк салтанаттар маркумду эскерүү мал союу Президент Садыр Жапаров

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть