Жапаров жана БУУнун өкүлү Антикризистик чаралар планын талкуулады

31.03.2022, 16:32 Акчабар
Жапаров жана БУУнун өкүлү Антикризистик чаралар планын талкуулады

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) системасынын Кыргызстандагы туруктуу координатору Озонниа Ожиелону кабыл алды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Пикир алышуунун жүрүшүндө Жапаров акыркы глобалдык экономикалык өзгөрүүлөрдүн натыйжасында БУУ тутумунун иш-аракеттеринин өлкөлүк планын өзгөртүү зарылдыгына токтолду.

Өз кезегинде Озонниа Ожиело жакында министрлер кабинети тарабынан бекитилген Антикризистик пландын сапаттуулугун белгилеп, анда калк турмушуна тийиштүү бардык маанилүү аспектилер жана багыттар камтылгандыгын жана ал өз учурунда кабыл алынгандыгын билдирди.

Ошондой эле Озонниа Ожиело министрлер кабинетинин башчысына учурда БУУ тутумунун программаларынын ар кыл тармакта ишке ашырылышы боюнча маалымат берди.

БУУ өкүлү белгилегендей, дүйнө жүзүндө азык-түлүккө жана күнүмдүк керектелүүчү товарларга карата баалардын кескин жогорулашы байкалууда жана бул өнүгүп келе жаткан мамлекеттердин өкмөттөрү үчүн олуттуу чакырык болуп саналат.

Жолугушуунун катышуучулары тышкы таасирлерди жумшартуу жана калктын аяр катмарынын жакырчылыкка дуушар болушунун алдын алуу боюнча зарыл чараларды кеңири талкуулады.

Тэги: Озонниа Ожиело антикризистик план Акылбек Жапаров

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть